• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан Казакстан жана Афганистан менен аба каттамдарын жандандырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.21./Кабар/. Тажикстан Казакстан жана Афганистан менен ырааттуу аба каттамдарын жандандырат.

«Душанбе — Алматы — Душанбе» менен «Душанбе — Кабул — Душанбе» каттамы боюнча учуулар жумасына бир жолу уюштурулат.

Тажикстандын жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода коронавирус инфекциясына байланыштуу токтотулган башка эл аралык аба байланыштары да акырындык менен калыбына келтирилерин айтты.

Агенттик жергиликтүү жана чет өлкөлүк авиакомпанияларга билеттердин баасын негизсиз жогорулатпоону сунуштады. Буга чейин тажик эмгек мигранттары «Сомон Эйр» жана «Тажик Эйр» авиакомпанияларынын чартердик каттамдарынын баасына нааразы экенин билдиришкен.

Ушул тапта Тажикстан Түркия, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттары менен ырааттуу аба каттамдарын уюштурууда. Былтыр июль айында Тажикстан Россия менен эки тараптуу аба каттамдарын жандандырууга даяр экенин билдирген. Бирок азыркыга чейин чечим кабыл алына элек.

Тажикстан бийлиги 2021-жылдын январь айында өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандар дээрлик жок калганын жарыялаган. Эксперттер бул билдирүүгө орус бийлиги анча ынанбай жатканын, буга байланыштуу кырдаалга баа берүү үчүн адистерин жөнөткөн болушу ыктымал экенин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий