• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«ТКЦ» ЖАК салыктары мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосунда 50% үлүштө бөлүштүрүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карамат Орозова маалымдагандай, «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү толугу менен Ош облусунун жергиликтүү бюджетине жумшалат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты учурда «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосунда 50% үлүштө бөлүштүрүлөрүн маалымдайт.

Маселенин таржымалы:

Баткен облусу 1999-жылдын 13-октябрында негизделгенден бери Кызыл-Кыя шаары Баткен облусунун курамына кирген. Буга катар Кызыл-Кыя шаарынын административдик чеги ушул кезге чейин аныкталып, бекитилген эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 24-апрелиндеги чечими аркылуу «ЮКЦ» ЖАК цементу өндүрүүсү үчүн каралган жер тилкеси Ноокат районунун аймагы катары таанылган.

Экономика министрлиги жана Финансы министрилгинин 2012-жылдын 12-мартындагы биргелешкен чечимдерине ылайык, Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосундагы салыктарды бөлүштүрүү мурдагыдай эле шарттарда, 50% үлүштө жүргүзүлөт.

«Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАК жетекчилиги менен макулдашуу боюнча, салыкты төлөөнү катталган орду боюнча жана салыктык катталган орду боюнча пропорциялык катышты сактоо аркылуу жүргүзүү чечилген. Бул туурасында «ТКЦ» ЖАКка Ноокат району боюнча МСКБ жана Кызыл-Кыя шаары боюнча МСКБга маалымдалган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2011-жылдын 9-июнундагы №485/11-каты аркылуу).

Пикир

Оставить комментарий