• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токон Мамытов КР Акыйкатчысы кызмат ордуна шайланды

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна КСДП парламенттик фракциясы тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Мамытов Токон Болотбекович шайланды. Ал депутаттардын 79 добушуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Акыйкатчыны шайлоого 4 талапкер катышты: Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев, Канат Азиз, Токон Мамытов. Ал эми «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлгөн Мамтурайим Момунов өз каалосу менен талапкерлигин алып салды. «Талапкерлердин арасында Токон Мамытов сындуу өтө тажрыйбалуу адамдар бар экен, аларга атаандаштык кылбай эле коеюн деп чечтим», - дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Токон Мамытовду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын жоопкерчиликтүү жаӊы кызмат ордунда ийгиликтерди каалады. Ал Акыйкатчыны ар дайым жалпы коомчулук менен жарандардын кызыкчылыгын коргоого, депутаттар тарабынан айтылган пикирлер менен берилген сунуштамаларды такай эске алып, кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды.

Токон Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Пржевальск педагогикалык институтун, андан кийин СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун жана институтун бүтүргөн. Генерал-лейтанант чени, профессор наамы бар. Ал буга чейин Премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп турган.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 2018-жылдын 27-июнунда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий