• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК Урмат Самаевдин кармалышынын чоо-жайын айтты. Сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалышынын чоо-жайын айтты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Самаевдин "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

Самаев күн мурун, 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий