• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдына ала маалыматка караганда, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат.

Пикир

Оставить комментарий