• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан жана Италия биргелешкен кинофестивалдарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Италия Республикасынын "ANICA" санариптик кино жана аудиовизуалдык индустрия Улуттук ассоциациясынын Эл аралык департаментинин башчысы, Италиянын улуттук соода жана инвестициялар агенттигинин аудиовизуалдык индустрия башкармалыгынын башчысы Роберто Стабиле менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Италияда кыргыз киносунун жана Кыргызстанда италия киносунун күндөрүн, ошондой эле биргелешкен кинофестивалдарды, биргелешкен кино өндүрүшүн өткөрүү зарылдыгын белгилеп, бул кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы кинематография жаатында биргелешкен пландарды ишке ашыруу үчүн мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий