• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте КМШнын көрүнүктүү окумуштуулары жана маданий ишмерлери тарыхый-маданий мурастарды жайылтууну талкуулашууда

Маданият 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде "Маалымат коомундагы эс тутум, китеп жана окуу институттары" аттуу эл аралык III конференция өтүп жатат.

Иш-чарага КМШнын сегиз өлкөсүнүн алдыңкы муйзейлеринин жетекчилери, окумуштуулар, Бишкекте катталган элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын башчылары, Кыргызстандын жети облусунан музей адистери, ошондой эле белгилү илим, маданият жана билим берүү ишмерлери катышууда.

“Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Буларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Түркмөнстандан тарыхый-маданий мурастарды изилдөөгө көп жылдарын арнаган көрүнүктүү докторлор келишти. Конференциянын жүрүшүндө алар тарыхый-маданий баалуулуктарды сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну камсыз кылуу боюнча пикир алмашышат, андыктан аталган конференциянын биздин өлкөдө өтүшү келечек үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Мындай окуялар жана кабыл алынып идеологияга байланыштуу кабыл алынып жаткан жарлыктар элдик биримдиктиктин жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүү”, - деди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал белгилегендей, пленардык сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар санариптештирүү доорунда китеп окуу жана тарыхый билимди жайылтууга демилгелерине, ошондой эле маалымат алууда жаңы технологияларды колдонууга басым жасашат.

Конференцияда музейлердин жана башка маданий мекемелердин жетекчилери, сегиз өлкөнүн белгилүү окумуштуулары илимий баяндамаларды жасашат. КМШ өлкөлөрүнүн көрүнүктүү илим, маданият, адабият ишмерлери музейлердеги, илимдеги, маданияттагы, китепканалардагы трансформация, санариптик электрондук технологияларды колдонуунун ийгиликтери жана көйгөйлөрү, тарыхый мурастар боюнча изилдөөлөрү менен бөлүшөт.

Конференция алты секцияда уланат:

1. "Санариптештирүү доорунда тарыхый жана маданий мурастарды жайылтуу: КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы";
2. "Санариптештирүү доорундагы китепканалар жана окууну колдоо";
3. "Санариптештирүү доорундагы окуу жана билим берүү";
4. "Заманбап санариптик коомдогу эстутум институттары: мамилелер жана практикалар";
5. "Маалыматтык коомдогу адабий жана маданий мурас";
6. "Балдар жана жаштар арасында китеп окууну жайылтуу: актуалдуу проблемалар жана иштин заманбап ыкмалары".

Илимий жыйында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Музей иштери жана маданий байлыктарды коргоо" темасында тегерек стол уюштурулуп, музей ишмердүүлүгү боюнча талкуу болот.

25-майдан 27-майга чейин "Маалымат коомундагы эс тутум, китеп жана окуу институттары" III Эл аралык конференциясы өтөт. Ал КР президентинин "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилерин сактоого, изилдөөгө жана пропагандалоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий