• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кара-Сууда уурулукка шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Оштун Кара-Суу районунда 7-октябрда уурулукка шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылган Кара-Суу районунун 60 жаштагы М.К. аттуу тургуну 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген.

Натыйжада жабырлануучуга 52 миң сомдук зыян келтирген.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы Д.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүнүн мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Пикир

Оставить комментарий