• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк "Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" коллекциялык монетасын чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. КР Улуттук банкы 30-апрелден тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Банктан билдиришкендей, 2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот. Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) - мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, капитал жана эмгек ресурстары рыногун түптөөгө умтулуу, мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо-турмушун жогорулатуу үчүн улуттук экономикалардын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана жогорулатуу максатында түзүлгөн регионалдык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Азыркы учурда ЕАЭБге беш өлкө кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия.

"Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинде ЕАЭБдин расмий эмблемасы чагылдырылган, эмблеманы тегерете ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери, ошондой эле өнүгүү динамикасын билдирген элементтер чагылдырылган. Монетанын сол жагында ЕАЭБдин юбилейлик датасы - "10 жыл" деген жазуу жайгашкан. Монетанын жээгинде "Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз" деген жазуу түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан, ал эми оң жагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук орнаменттери, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (31,10 g) чагылдырылган. Монетанын жогору жана төмөн жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу, ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), сомдун графикалык белгиси (С) жана чыгарылган жылы "2024" чагылдырылган.

"Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапатын тастыктаган сертификат менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 780 сом баада иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

Пикир

Оставить комментарий