• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каржы министрлиги тарабынан KFW фондунун каражаттары боюнча аукцион өткөрүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Каржы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 2020-жылдын 23-июнуна пландаштырылып, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:

1. «Айыл Банк» ААК

2. «Бакай Банк» ААК

3. «Банк Азии» ЖАК

4. «Банк Компаньон» ЖАК

5. «Демир Банк» ЖАК

6. «КБ Кыргызстан» ААК

7. «Оптима Банк» ААК

8. «Финка Банк» ЖАК

9. «Халык Банк» ААК

10. «РСК Банк» ААК

Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.

KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Пикир

Оставить комментарий