• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө “Алтай көчмөнү” экспозициясы ачылат

Маданият 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Алтай көчмөнү” аталышындагы экспозиция ачылат деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

Экспозициянын расмий ачылышы 21-июлда Чоң Сары-Ой айылында өтөт. Ал эми бардык каалоочулар үчүн экспозиция 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Аталган иш чара жакында өтө турган “Алтай цивилизациясы жана бир тууган алтай эли” эл аралык форумунун алкагында уюштурулган.

Экспозиция музейге жайгаштырылып, алтай көчмөндөрүнүн маданиятына, күнүмдүк жашоосуна арналат. Анын жасалгасы улуттук салттын стилинде жасалат.

Экспозицияга кошумча катары аймактын борборунда 30 боз үйдөн турган жандуу музей орнотулат. Анда кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур жана башка алтай элинин жашоо образы чагылдырылат. Экспозицияга келгендерге атайын, үч күн аралыгында маданий-этнографиялык программа тартууланмакчы.

30 боз үй орнотулган маданий-этнографиялык иш чара 21-23-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий