• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зайнетдинов: Бүгүнкү күндө ЖККУнун кийлигишүүсүнө эч кандай негиз жок

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет - чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл. Ошентип, 7-майда ЖККУнун өкүлдөрүнөн, андан тышкары россиялык жана кыргызстандык экспеттердин катышуусунда “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” аттуу тегерек стол өттү.

ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдиновдун айтымында, окуя башталган күнү аталган уюм ыкчам реакция кылган. Ал ЖККУ эки тарапты чыр-чатакты токтотууга чакырганын айтат.

“Биз маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин колдойбуз. Ушундай окуя болуп, адамдардын курман болушу жанды кейитет. Абалга байкоо салуудабыз. Окуя болгон күнү Коопсуздук кеңешинин башчылары менен абалды талкууладык. ЖККУнун кийлигишүүсү боюнча айтсам, ал үчүн эки тараптын кайрылуусу болушу керек эле. Кыргыз тарап учурда ЖККУнун жардамына муктаж эместигин билдирген. Бүгүнкү күндө ЖККУнун кийлигишүүсүнө эч кандай негиз жок”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий