• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан 2019-жылы ID-картага өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Өзбекстанда 2019-жылдан тарта жалпы жарандык паспорттордун ордуна идентификациялык караталар (ID-карта) киргизилет.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан иштелип жаткан «Жигердүү ишкерлик, инновациялык идеялар жана технологиялар жылы» программасынын алкагында өлкө ичинде колдонуу үчүн ID-карталарды киргизүү жана учурдагы биометрикалык паспортторду чет өлкөлүк деп таануу каралган.

Буга чейин Өзбекстан 2019-жылдын 1-январынан тарта чет мамлекеттерге чыгуу үчүн жаңы паспортторду киргизип, учурдагы биометрикалык паспортторду өлкө ичинде гана колдонуу үчүн калтырууга ниеттенип жаткан.

Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ бардык пикирлерди угуп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен ID-карталарды киргизүү чечимин кабыл алган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий