• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан уюшулган тартипте Россияга мигранттарды жөнөтө баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелер министри Азиз Абдухакимов 26-июлда Россияга иштегенге кетип жаткан жарандар менен жолукту.

“Тelegra.ph” басылмасы жазгандай, Өзбек министрлиги мигранттарга болгон мамилени түп тамыры менен өзгөртүп жатат. Министрлик мигранттар которгон каражат республиканын экономикасын көтөрүүдө салымы чоң экенин билдирген.

Өзбекстандын өкмөтү мигрнаттардын кызыкчылыгын жана укугун сактайт.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин апрель айында Москвага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар өзбек жарандарын уюшулган тартипте Россияда иш менен камсыз кылуу келишимине кол коюшкан.

Азиз Абдухакимов билдиргендей Өзбекстан бийлик өкүлдөрү мигранттарга уруксат берүүчү жана каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзамдын үстүндө иштеп жатышат.

Самаркандда жана Ферганада мигранттарга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча борборлор иштеп жатат. Чет өлкөдөгү өзбекстандын жарандарынын укугун коргоо максатында Россияда жана Түштүк Кореяда миграция боюнча агенттикти ачуу пландалууда.

Уюшулган тартипте Россияга айдоочу, тигүүчү, курулуш тармагындагы адистер жана башкаларды кабыл алуу жүрүп жатат. Буга чейин Ташкентте Россияга кетип жаткан мигранттардын комплекстүү экзамен тапшыруусуна ылайыкташкан үч борбор ачуу пландалып жатканы маалымдалган болчу. “Фергана” маалымат агенттиги билдиргендей, чет өлкөдө иштеп жүргөн өзбек жарандарынын саны 3 миллионго жеткен бул ишке жарамдуу калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү. Алардын 1,7 миллиону Россияда, 17 миңи Түштүк Кореяда эмгектенет. 2016-жылы Россиядагы мигранттардын которгон каражаты 2,741 млрд АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий