• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин дээрлик 100%ы коронавируска каршы эмделди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Өзбекстандын Коргоо министрлиги өлкөдөгү аскер кызматкерлеринин дээрлик 100%ы коронавуруска каршы вакцинанын биринчи дозасын алганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи дозасы аскерлердин 94,7%, экинчи дозасы 61,1% сайылды. Бул үчүн негизинен кытай-өзбек биргелешкен ZF-UZ-VAC-2001 вакцинасы колдонулууда. Мындан тышкары аз санда «Спутник V» жана Moderna вакциналары да сайылууда.

Августтан тартып өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө иштеген башка жумушчуларды да эмдөөдөн өткөрүү иштери башталган.

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, аскер кызматкерлери 1-сентябрга чейин эмдөөдөн өтүшү керек болгон адамдардын тобуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий