• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Жайыл районунун ИИБине Федоровка айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, 17-ноябрь түнкү саат 23:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр анын сарайынан жылкысын уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомдон ашкан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облустук ИИББинин жана Жайыл РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип, Москва районунун 21 жаштагы А.Р. аттуу тургуну кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин соттолгондугу маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү адам уурдалган жылкыны башка адамга сатып жибергени аныкталып, мал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Шектүү жаран убакылуу кармоочу жайга камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий