• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-июнда, Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Нарендра Моди Президент Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Кыргызстан тандап алган демократия жолу дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн мисал болуп, дем берип тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге 2016-жылы өлкөнүн мурдагы Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну жылуу сезим менен эстеп жүргөндүгүнө токтолду. Индиянын Премьер-министри белгилегендей, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар эки тараптуу кызматташууну чыңдоого өбөлгө болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, жекече жолугушканына, ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини Индиянын ШКУга мүчө болуп өтүшү менен куттуктады.

«Кыргызстан Индия менен достук мамилелерди бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет жана колдоого алат. Эл аралык уюмдардын жана конференциялардын алкагында өз ара визиттер жана жолугушуулар активдешип, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнүн позитивдүү динамикасын белгилөө жагымдуу», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргыз тарап 2018-жылдын августунда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж айымдын расмий сапарын колдоого алаарын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык Кыргызстанга өтүп, кезектеги жыйын Бишкекте өтөөрүн эске салып, Нарендра Модини ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешине катышуу менен бирге Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана мамлекеттик органдардын ишинде маалыматтык жана байланыш технологияларын ишке киргизүү тармагында кызматташууну тереңдетүү керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы индиялык тарапка биргелешип эки тараптуу кызматташуунун базасын талдап чыгуу үчүн эксперттик топ түзүүнү сунуштады.

Нарендра Моди Сооронбай Жээнбековдун эксперттик топту түзүү боюнча демилгесин колдоого алып, бул демилге өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды талкуулоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл экендигин белгиледи.

Ошондой эле Индиянын Премьер-министри электрондук башкарууну ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий