• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков КР дене тарбия жана спорт кызматкеринин күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун КР дене тарбия жана спорт кызматкеринин күнүнө карата куттуктоосу.

«Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар жана ардагерлер!

Кыргызстанда дене тарбия жана спорт ышкыбоздорунун саны улам көбөйүп баратканы кубандырат.

Кийинки жылдары кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтерге жетишүүдө. 2018-жылы биздин спорт чеберлерибиз 415 медаль жеңип алышкан. Ал эми XVIII Азия жайкы оюндарында биздин спортчуларыбыз кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалдарын алып, өлкөбүздүн кадыр-баркын бийик көтөрүштү.

Азия чемпионатында Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогуна катышып, абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүштү.

Улуттук спорт оюндары кеңири кулач жаюуда. Былтыр дүйнө жүзүндөгү 74 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусу менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өттү. Быйылтан баштап көчмөндөр оюндары өлкөнүн аймактарында жыл сайын өткөрүлө баштайт.

Жакынкы жылдары өлкөбүздүн аймактарында жаңы спорттук объектилерди, Бишкек шаарында көп функционалдуу футбол стадионун куруу, ат майданын оңдоо боюнча чоң долбоорлор ишке ашырыла баштайт.

2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына татыктуу даярданып, ага катышуу үчүн лицензияларды жеңип алуу — кыргыз спортчуларынын маанилүү милдети.

Биз сиздерге ишенебиз, жаңы жеңиштерди күтөбүз. Сиздердин жеңишиңиздер — бул Кыргызстандын аброю жана элибиздин сыймыгы.

Ардагер спортчуларыбыздын даңктуу жолун улантып, жеңишке жетишкен спортчуларыбызды Кыргызстан эли баалап, барктай алат.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түз, келечегин кең кылсын».

Пикир

Оставить комментарий