• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү менен катар, башка ГЭСтерди реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. «Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү менен катар, башка ГЭСтерди реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышууда.

Президент белгилегендей, алардын катарында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери жигердүү жүрүп жатат. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо үчүн каржылоо булактары аныкталып, подряддык уюмдарды тандоо башталды. Жалпы гидроэнергетика тармагын алганда 2023-жылдын аягына чейин иштеп чыгарылган кубаттуулук 400 МегаВаттка жогорулашы күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков энергетика секторунда жакшы динамиканы белгиледи.

Стратегиялык маанилүү объекттерди кайра курууга жана модернизациялоого ири чет элдик инвестициялар тартылууда. Энергетикалык секторду башкаруу боюнча реформа жүрүп жатат.

«Улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу — келечектеги милдетибиз. Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизип, анын долбоордук кубаттуулугуна (1900 МВт) жетүү үчүн 11 жыл керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий