• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖККУнун, ШКУнун жана ТТМКнын башкы катчылары кыргызстандыктарды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. ЖККУ башкы катчысы Станислав Зась, ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Станислав Застын куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй деп айтылат: «Биз эл аралык аренада жалпы жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери менен жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп издөө, регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көп иштер жасалды. Жаңы жылды белгилөө менен, ал союздаштык мамилелерди чыңдоо жагынан маанилүү болуп, биздин Уюмдун алкагындагы интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенебиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Норовдун куттуктоо телеграммасы: «Келе жаткан 2021-жылда уюмдун 20 жылдык мааракеси белгиленет. Келе жаткан жыл эпидемиологиялык, саясий жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүнүн жана бул процессте кыргыз тараптын түздөн-түз катышуусу менен ШКУнун эл аралык кадыр-баркын мындан ары чыңдоо жагынан ийгиликтүү болот деп ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Багдад Амреевдин куттуктоо телеграммасы: «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Кыргызстанга ар дайым саясий туруктуулукту жана мыйзамдуулукту каалайт. Кыргызстан президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, өнүгүү жолуна ишенимдүү киришет деген ишенимдемин», — деп белгиленет Багдад Амреевдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий