• 87.86
  • 93.94
  • 1

13-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишке, 12.02.20. /Кабар/. Эртең, 13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми эртең күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 гадус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7, Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9 градус жылуу болот.

Эртең, 13-февралда Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий