• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

13-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 13-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5...+10, Талас облусунда +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +11...+16 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +8...+10 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий