• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

14:00гө карата дүйнөнүн 25 өлкөсүндө шайлоо комиссиялары иштеп жатат - ТИМ

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча 14:00гө карата Россия Федерациясында (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Москва, Санкт-Петербург), Японияда, Кореяда, КЭР (Пекин, Гуанчжоу), Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда (Астана, Алматы), Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында (Абу-Даби, Дубай), Ирае, Беларус, Түркияда (Анкара, Стамбул), Сауд Аравияда, Катар, Кувейт, Украина, Швейцария, Бельгия, Австрия, ГФР (Берлин, Бонн, Франкфурт) шайлоо комиссиялары иштеп жатышат. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле алардын маалыматы боюнча Улуу Британияда шайлоо тилкеси ачылды.

Консулдук каттоодо турган жана биометрикадан өтүп шайлоо тизмесине кирген КР жарандары добуш берүүгө катышууда.

Пикир

Оставить комментарий