2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $12 млрд түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 12 млрд долларды түзүп, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 1,4 эсеге азайган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 20,5%га азайып, ал эми импорт тескерисинче 1,7%га өскөн.

"2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсү алдын ала маалыматтар боюнча, 4,5 млрд долларды түзгөн. Бул 2021-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 32,3%га көптүк кылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий