• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү — милиция

Аймак 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Чүй районунда 8-10-февралда “Притон” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд өткөргөн.

Иш-чаранын максаты – жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы Жаңы-Жол интернатынын тарбиялануучуларына жана мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иш-чаралары жана лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле турак жайсыз, кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар, мейманканалар текшерүүгө алынды.

Пикир

Оставить комментарий