• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Адамдарды жүк автоунаасы менен тебелеп кеткен шектүү ким экендиги айтылды - ЖМК

Дүйнө 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Германиянын Мюнстер шаарында адамдарды жүк ташуучу автоунаа тебелеп кеткен. Sueddeutsche Zeitung өз булактарына таянып билдиргендей, унааны психикалык жактан ооруган адам башкарган.

Басылма маалымдагандай, кеп 1969-жылы туулган эркек адам тууралуу жүрүп жатат.

Оор жүк автоунаасы көчөнүн четиндеги кафеде отурган адамдарды барып тебелеген. Полициянын акыркы берген маалыматына ылайык, үч адам каза болгон, 20сы жаракат алса, анын ичинен алтоонун абалы оор. Кол салган айдоочу өз жанын кыйган.

Учурда полиция кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барууда.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий