"Айыл чарбасын каржылоо - 11". Жалпы 3,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 2023-жылдын 27-июлуна карата 2 категория боюнча 3 млрд 229 млн 488 миң сомго 7 миң 178 насыя берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 837 млн 173 миң сомго 1 миң 995 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК аркылуу 473 млн 558 миң сомго 1 миң 104 насыя;

– "РСК Банк" ААК аркылуу 363 млн 615 миң сомго 891 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 392 млн 315 миң сомго 5 миң 183 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК аркылуу 1 млрд 160 млн 405 миң сомго 2 миң 459 насыя;

– "РСК Банк" ААК аркылуу 1231910 миң сомго 2724 насыя.

Пикир

Оставить комментарий