• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстанга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 миң 140 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”,- деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргызстанга берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

«Кыргызстан 49 миң доза өлчөмүндөгү Pfizer-Biontech вакцинасынын кезектеги партиясын алды. Мен АКШ өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге жардам берип жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиргим келет. Pfizer-Biontech вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөн. Биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жана эмдөө алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек. Биз биргелешкен күч-аракет менен коронавирустук пандемияга туруштук бере аларыбызга ишенем”, - деди КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат.

Пикир

Оставить комментарий