• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акыркы күндөрү вирусту жугузуп алган шарттары белгисиз учурлар көбөйдү - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Акыркы күндөрү вирусту жугузуп алган шарттары белгисиз учурлар көбөйдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Эгерде оорунун кандайдыр бир симптомдорун же белгилерин байкасаңыз, сөзсүз медициналык жардам үчүн 103 жана 118 кыска номерлерине байланышууну суранабыз. Үй шартында, кеп-кеңештер менен дарыланбагыла. Бул ден соолукка зыян. Мындай мамиле менен вирусту токтотуу мүмкүн эмес, тескерисинче абал курчуп кетиши ыктымал”, - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2093 учур катталды. Алардын ичинен 409у медицина кызматкери. Илдеттен 1572 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий