• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аламүдүн районунда тоноого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдырынын натыйжасында Аламүдүн районунун аймагында катталган тоноо фактысына шектелип бешинчи жаран кармалды. Тоноо фактысы боюнча 2022-жылдын февраль айында Аламүдүн РИИБине 1998-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш адамдар анын жана досунун телефондорун жана 10 миң сом акчасын тартып алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка тиешеси бар делип 5 жарандын өздүгү такталып, алардын ичинен 4 жаран кармалган. Алар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Бул кылмышка катышты бар деген дагы бир шектүү жаранды кармоо үчүн өзүнчө иш бөлүнүп өндүрүшкө алынган.

2022-жылдын 8-март күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий