• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Арча-Бешик конушунда 180 орунга ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталды

Коом 0


Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Арча-Бешик конушундагы Ойсул-Ата көчөсүндө бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергеновдор курулуштун пайдубалына капсула салышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкташкан. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.

Долбоор боюнча, биринчи кабатка ашкана, методикалык окутуу, ойноо, тамак бөлүштүрүү, уктоочу, техникалык жабдуу, кабыл алуу, медициналык жана дарылоо бөлмөлөрү жана даараткана каралган.

Экинчи кабатта музыкалык-гимнастикалык зал, ашкана, ойноо, кабыл алуу, жуунучу, техникалык көзөмөл бөлмөлөрү, кампа жана менеджердин бөлмөсү бар.

Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик (OGUKS) тендерине ылайык, объектте "КББ" курулуш компаниясы иштейт, келишим боюнча наркы 59 миллион 421 миң 133 сомду түзгөн.

Арча-Бешик конушунда 35 миң 605 адам жашайт, 4 миң 209 мектеп курагындагы, 3 миң 15 мектепке чейинки курактагы балдар.

Бул жылы Бишкек мэринин м.а. Б.Кудайбергеновдун тапшырмасы менен борбор шаарда 5 бала бакчанын жана 5 мектептин курулушу башталат.

Пикир

Оставить комментарий