• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорттун накталай эмес төлөмдөргө өтүүсү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгында 2022-жылдын 1-июлунан баштап коомдук транспортко накталай эмес жол акыны киргизүү боюнча башкармалыктын айдоочулары менен «Тулпар» ишканасынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында ишкананын жетекчиси Талант Капаров баяндама жасады.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, айдоочулар кызыккан суроолорун беришти.

Жыйынга жалпысынан 100 айдоочу катышты.

Пикир

Оставить комментарий