• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баасы 10-15% арзан. Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.11.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду.

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий