Бакыт Төрөбаев менен Лю Гочжун кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлордун аткарылышы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун алгач Чүй облусундагы “Алтынкен” кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда “Алтынкен” ЖЧКнын жетекчилиги жана жамааты менен жумушчу кеңешме өткөрүлүп, ишкананын өнүгүү келечеги менен маселелери каралып, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздукту, эмгекти коргоону так сактоо зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, “Талды-Булак Сол жээк” кенин иштетүү лицензиясынын ээси “Алтынкен” компаниясы. Компаниянын 40% акциясы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна, 60% кытайлык "Цзыцзинь" корпорациясына таандык.

Андан соң, Бакыт Төрөбаев менен Лю Гочжун Кытайдын грантынын эсебинен Кыргызстандагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун негизинде курулган борбор калаадагы жолдордун абалы менен таанышты.

Анда тиешелүү адистер тарабынан чогулгандарга Бишкек шаарындагы жолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча жүзөгө ашкан долбоорлордун презентациясы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долборунун 1-фазасында узундугу 95 чакырым жол оңдолсо, долбоордун 2-фазасында узундугу 70,9 чакырым жол реконструкцияланган. Булардын ичиндер тротуарлар, өтмө жол, ирригациялык тармактар жана көпүрөлөрдүн курулушу кирген.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий