• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Окшош жоопторду токтоткула! Төрөбаев абанын булгануу маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булганышынын көйгөйлөрү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Отурумдун жүрүшүндө абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишинин алкагында мамлекеттик органдардын комплекстүү ишмердүүлүгү каралып, күз-кыш мезгилинин жакындап калганына жана абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу атмосферада көмүр кычкыл газы, ал эми сууктун күчөшү менен күйүү продуктулар жана мунай продуктулары көбөйөөрү белгиленди.

Төрөбаев акыркы жылдары абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

“Атмосферадагы зыяндуу кошулмалардын концентрациясын азайтуу үчүн социалдык объектилерди тейлеген бардык отканалар толугу менен газга өткөрүлдү, жеке сектор үчүн көмүргө болгон талап жогорулатылды, 600 газ менен жүрүүчү автобустун келүүсү күтүлүүдө, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулоо үчүн техникалык талаптар иштеп жатат, айрым конуштар газга өткөрүлдү, абанын булганышы менен күрөшүү боюнча иш-чараларга кошумча каржылоо каралууда”, - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле бир катар мамлекеттик органдар мекемелер аралык комиссиянын буга чейинки отурумдарында берилген тапшырмаларды толук аткарбай жатканын кошумчалады.

“Бюрократияны, окшош жоопторду, кыскасы бардыгы аткарылды деген отчетторду токтоткула. Бизге кагаздагы жооптор эмес, реалдуу иш-аракеттер керек”, - деп баса белгилеген Бакыт Төрөбаев, мекемелер аралык комиссиянын ишинин алкагында жөнөтүлгөн тапшырмалардын аткарылышы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий