• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду тартууга кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн экономикасындагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, Дүйнөлүк банктын, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган программаларды ишке киргизүүдөгү жана ири долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү ролун баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси ири долбоорлорду ишке ашырууга каржылык катышууга жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Дүйнөлүк банктын айыл жеринде ичүүчү суу жана ирригация тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары, 2024-жылга карата мерчемделген иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий