• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу өлкө үчүн өтө маанилүү – Талант Садакбаев

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу өлкө үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу жол куруу боюнча адис-серепчи Талант Садакбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, темир жол Макмалга чейин барып, түндүк менен түштүктү кошо турган жол катары өзгөчөлөнүүдө.

"Кыргызстандын эгемен тарыхында бир да километр темир жол салынган эмес. Учурда Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече багытынын Кочкорго чейинки тилкеси курулууда. Долбоор өлкө үчүн абдан керек. Мамлекет "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кирешесинин 50%ын албай, долбоорду ишке ашырууга жумшоого жол ачып берди. Мындан улам темир жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Азыр жолдун 40 чакырымы салынып бүтүп калды. Бүгүнкү күндө кыргыз адистери техника-экономикалык негиздемеден кийин кемчиликтерди кетирбегендей кылып, заманбап технологияларды колдонууну өздөштүрүшүүдө", - деди ал.

Ошондой эле эксперттер темир жол каттамы көмүрдү Кара-Кечеден Балыкчыга түз алып чыгууга, андан ары Бишкек ЖЭБи жана башка объектилерге, анын ичинде калктуу конуштарга ташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми азыр Кара-Кеченин көмүрү оор жүк ташуучу унаалар менен Балыкчыга чейин алып келинип, андан соң вагондорго жүктөлүп, Бишкекке жана башка пункттарга жеткирилет.

Маалыматтарга таянсак, жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу 2030-жылга чейин аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий