• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Балыкчыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы курулуш таштандылары тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы таштандылар тазаланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын «Ала-Тоо» кичирайонунун тургундары Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык кызматкерлерине кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында, узак мөөнөттөн бери курулуш таштандылары тазаланбай жатканын билдиришкен.

Кичирайондун тургундарынын айтымында, аталган тилкеде мурда даарыкана иштечү, өткөн жылдын күз айларында аталган объектти бузушуп, бирок курулуш таштандылары чыгарылып кеткен эмес. Натыйжада, орун алган таштандылар тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратып жатышканын жана ошол жерде ойношкон кичинекей балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын дагы билдиришкен.

Милициянын кызматкерлери жарандардын кайрылуусуна дароо көңүл буруп, аталган маселе боюнча Балыкчы шаарынын мэриясына жана «Тазалык» муниципалдык ишканасына билдирүү жолдошкон.

17-февраль күнү курулуш таштандылары кичирайондун аймагынан «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан чыгарылып кетти.

Пикир

Оставить комментарий