• 86.8
  • 91.27
  • 0.81

Башкы прокурор жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурору Максат Асаналиев жумушчу сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Сапардын алкагында Башкы прокурор жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, арыз-кайрылууларын кабыл алып, алар менен ачык пикир алмашуу өткөрдү.

Жолугушууда, тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуулар, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү. Башкы прокурор жарандардын арыз-муңдарын чечүүдө укук үстөмдүгүн камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети экенин баса белгилеп, ар бир кайрылуу мыйзамда белгиленген тартипте кылдаттык менен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Иш сапардын алкагында башкы прокурор Талас облусунун прокуратура органдарынын иштөө шарттары жана кызматкерлеринин турмуштук абалы менен таанышты. Ал социалдык жана турмуштук маселелерге көңүл буруларын, Талас облусундагы прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий