• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга келет

Аймак 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга келет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту.

"Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады. Ошону менен катар жалпы 138 балага 3 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийимдер менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга алып бараарын айтып, ата-энелер менен макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий