• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүнчү ташыган унаалар жүрө баштады

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүнчү ташыган унаалар жүрө баштады, - деп кабарлайт өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, облус аймагында 2020-жылдын 16-июлунан тартып COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу баардык багыттар боюнча жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын каттамына чектөө коюлган.

"16-августтан тартып облус аймагындагы шаар-район аралык каттамдарга уруксат берилген. Буга байланыштуу облустук жана шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө "Техникалык оң эмес абалда" аттуу рейд өткөрүлүп, аталган каттамдарга каттаган кичи автобустардын техникалык абалдарына көзөмөл жүргүзүлүп, ошону менен бирге эле айдоочулардын учурдагы абал боюнча канчалык деңгээлде санитардык эрежелерди сактап жаткандары да текшерүүгө алынды", - деп кабарлашты өкүлчүлүктөн.

Рейддин жүрүшүндө бир катар айдоочуларга эскертүүлөр берилген. Өклчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, облустар аралык каттамдарга жакынкы күндөрү уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий