Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы "Элита" үрөн чарбасы күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп баштады.

Президентинин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынууда.

Өткөн жылы Баткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы сорттогу үрөндөр себилип, бул жакшы натыйжасын берүүдө.

2024-жылдын жазында облус боюнча жалпы 20 миң 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.

Күздүк себүү багытында 2024-жылдын түшүмү үчүн 2023-жылы күзүндө 5900 гектар күздүк себилген.

Пикир

Оставить комментарий