• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Базар-Коргондо милиция тарабынан алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Базар-Коргондо милиция тарабынан алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында район аймагында түнкү убакыттарда коштоочусу жок жүргөн өспүрүмдөр текшерүүгө алынды. Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Базар-Коргон райондук администрациясынын алдында түзүлгөн жаш өспүрүмдөр комиссиясынын кароосуна 11 материал жөнөтүлдү. Түнкү убакытта коштоочусу жок жүргөн 16 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энелери чакыртылып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле өз балдарын көзөмөлсүз калтырбоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий