• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги такталууда

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинин алдында Кыргызстандын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Жогорку Кеңештин сегиз фракциясынан депутаттар, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана Улуттук илимдер академиясынан окумуштуулар кирген.

Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарында жайгашкан тизмеге кирген калктуу конуштардын аталыштарын актуалдаштыруу, тизмесин тактоо жана калктуу конуштарда жашаган калктын санын актуалдаштыруу маселелери каралган.

Аны менен бирге, алыскы жана барууга кыйын кактуу конуштардын райондук жана облустук борбордон жайгашкан аралыктарды белгилөө боюнча иш тууралуу да маалымат берилди.

Илимий изилдөөлөргө таянып, эл аралык сунуштамаларды жана колдонмолорду жетекчиликке алуу менен, бийик тоолуу калктуу конуштарга деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору жайгашкан калктуу конуштарды гана киргизүү боюнча сунуш талкууга алынды. Бүгүнкү күндө бийик тоолуу калктуу конуштардын бекитилген тизменин ичинде 2000 метрден төмөн жайгашкан калктуу конуштардын саны 30%ды түзөрү белгилүү болуп, ошол эле учурда жогоруда атлган тизмеге кирбеген дагы бир топ калктуу конуштар аныкталган.

“Бул инвентаризациялоо иштин жыйынтыгында, 1990-жылдары бекитилген тизмелерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тактоо жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштар менен кайрылат. Кандай болгон күндө дагы, бардык өзгөрүүлөр этап этабы менен жүргүзүлөт. Муруңку чектелген төлөмдөр кыскартылбашын камсыз кылышыбыз керек. Эл менен кеңешип, азыркы жаңы курулган ири жолдор, климат, аба ырайы да өзгөргөнүн жана эл аралык жана атамекендик окумуштуулардын пикирин эске алышыбыз милдет” - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий