• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Билим берүү министрлиги “Мектептерде коопсуз билим берүүнүн стандарттарын” иштеп чыгат

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги “Мектептерде коопсуз билим берүүнүн” стандарттарын иштеп чыгууда. Бул тууралуу “Мектептердеги билим тармагынын коопсуздугун сактоо” аталышындагы тегерек үстөлдө маалым болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш чара “Кыргызстандын мектептериндеги билим алуу коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Аны К. Аденауэр атындагы фонд жана Европа биримдигинин колдоосу менен экологиялык «БИОМ» кыймылы ишке ашырууда.

Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиеванын айтымында, мамлекеттин жана коомдун алдында окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жана алардын дени сак болушуна шарт түзүп берүү тапшырмасы турат.

“Ал үчүн бардык билим берүү мекемелеринде коопсуз билим берүүнүн стандарттары болушу шарт. Мындан улам Билим берүү жана илим министри курамына бардык тиешелүү министрликтин ведомстволордун өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүп жатат. Жумушчу топтун алдында Кыргызстандын мектептериндеги коопсуз билим алууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү курал иштеп чыгып, аны ишке ашыруу тапшырмасы турат.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары мамлекеттик мекеме кызматкерлери, коомдук кеңеш жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү республиканын мектептеринде коопсуз билим алуунун методологиясы жана аны ишке ашырууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий