Жаз келди! Бишкекте көчөлөрдү жууп-тазалоо башталды

Коом 0


Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, линияга 10 сугаруучу унаа чыкты. Ошондой эле таңдан бери 648 көчө шыпыргыч иштеп жатат.

Мэриядан белгилешкендей, жолдун жээгинде чогулган чаң жана таштандылар шаардын көркүн гана бузбастан, жагымсыз жыт, ал тургай кооптуу кесепеттерге алып келет.

"Унаалардын кыймылы чаңды асманга көтөрүп, шаардын абасын булгайт. Жамгыр жааганда топтолгон чаңдар ылайга айланып, кырсыкка алып келет. Андыктан шаар жолдорун чаң, топурак жана таштандылардан системалуу түрдө тазалоо зарыл. Бул максатта көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүгүн сугаруучу унаалар менен жуулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий