Бишкекте "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кечээ, 5-сентябрда Бишкекте "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө" макулдашуу долбоорун даярдоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тармактык жана энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында аталган үч өлкөнүн энергетика министрлери тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну жана пайдаланууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлган.

Келечектеги ГЭСтин кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болот. ГЭСтин суу сактагычынын көлөмү 5,4 млрд куб метрди түзөт. Станция жыл сайын орто эсеп менен 5,6 млрд киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоорду 2025-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий