• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте өзгөчө абал. Санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулган, медиктер, аскер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө - сүрөт

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бишкекте 25-марттан тарта күнүгө кечки саат 20.00дөн эртең мененки 07.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Бул өлкөдө жүрүп жаткан COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү иш-чарасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө абал киргизилген аймакка кире бериште жана андан чыга бериште санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулган, анда медиктер, аскер жана милиция кызматкерлери нөөмөт өтөөдө.

2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелине чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Буга байланыштуу саат кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Анын убагында жарандардын кыймылына чектөө киргизилет, алар өткөрмө кагаздары менен жүрүшөт. Өткөрмө кагаздар көбүнчө медицина жана күч органдарынын кызматкерлеринде болот.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий