Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкектин бир катар райондорунда 3 күнгө газ өчүрүлөт, деп билдирди “Кыргызстан газпрому” ЖЧКсынын басма сөз кызматынан.
Маалматка караганда, авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо газ берүү токтотулат:
- 28- февралдан 2- мартка чейин Тынчтык пр. Түштүк магистраль көч. Сагындыков көч.
- 28- февралдан 3- мартка чейин Орто-Сай айылы, «Ала-Арча -1,2,3» турак-жайы, «Браво» турак-жайы, Орто-Сай- 2 турак-жайы.
“Кыргызстан газпрому” ЖЧКсы абонеттерден ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууларын өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий