• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жаңы скважина казылды

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушунда тереңдиги 240 метрди түзгөн жаңы скважина казылды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга чейин 240 метр түтүк төшөлгөн, анын диаметри 344 мм. 100 метр, 295 мм 145 метр жана башкаруучу түтүк 159 мм, андан тышкары, экинчи скважина болот, тереңдиги 240 метр.

Бүгүнкү күндө биринчи скважинаны бургулоо иштери аяктап, электр тармактарын кошуу иштери жүрүп жатат, экинчи скважинаны да бургулоо иштери башталды.

Иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий